Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү дайындалды
- 5 лет мурун
Алишер Абдрахманов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Алишер Абдрахманов ИИМ тармагында иштеп, жаш курагына байланыштуу бошотулган. Жогорку Кенеште «Республика» фракциясынынан депутат болгон. 2016-жылдан баштап өкмөттүн Баткен облусунун өкүлчүлүгүндө өкүл башчысынын орун басары болуп иштеген.
Сүрөттө: Алишер Абдрахманов. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү