Ысык-Көл облусунда жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 15-февралда, саат 09:31де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак, Таш-Короо айылдарында — 4,5 балл, Койлуу, Май-Саз айылдарында — 3,5 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт.
Муну бөлүшүү