​Люксембургда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

  • 4 года мурун

Люксембургада Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды. Кыргызстандын Люксембургдагы ардактуу консулу болуп Франк Вагнер дайындалды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

13-февралда Кыргыз Республикасынын Люксембург шаарындагы ардактуу консулдугунун ачылышына тышкы ищтер министри Ч. Айдарбеков, Люксембургдагы элчи М. Жумалиев жана андагы мекендештер катышты.

КР Люксембургдагы ардактуу консулу болуп Франк Вагнер дайындалды.

Министр Ч.Айдарбеков Люксембургдун билим берүү, маданият, финансы, экологиялык курулуш чөйрөлөрүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргыз Республикасы менен кызматташуу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ушул эле күнү министр Люксембург жогорку герцогствосунун борбор шаарында жакында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барды.

Сүрөт: ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты