​Беларуссия Кыргызстанга сегиз гранттык орун бөлдү

  • 4 года мурун

2020-2021-окуу жылы үчүн Белоруссия Кыргызстандын жарандарына сегиз гранттык орун бөлгөнү маалым болду.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Белоруссиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушууда учурунда белгилүү болду.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн Белоруссияда IT-технология жакшы өнүгүп жатат. Буга чейин кыргызстандыктар сиздердин өлкөдөгү IT-академияда окуудан өтүп келишкен. Биз бул боюнча академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарбыз” деди Каныбек Исаков.

Андрей Страчконун айтымында, учурда Белоруссияда Кыргызстандын 26 жараны билим алып жатат Алардын 20сы келишимдик негизде.

“Быйыл Белоруссия өкмөтү чет өлкөлүк студенттер үчүн жалпы 100 гранттык орун бөлдү. Анын сегизи Кыргызстанга берилди. Грантка ээ болгон студенттер акысыз билим алат жана аларга стипендия төлөнөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкандардын стипендиясына каражат кошулмакчы” деди Андрей Страчко.

Сүрөттө: Элчи Андрей Страчко жана өкүлдөр жолугушуу учурунда.

Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты