Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды
- 3 жыл мурун
Бишкекте Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Биринчи орун — «Азаттык», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбооруна» (OCCRP) жана «Kloop Media» басылмасына — Кыргызстандан көмүскө жолдор менен мыйзамсыз чыгарылып кеткен миллион долларлар тууралуу биргелешкен иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
Экинчи орун — «Kloop Media» басылмасынын Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан сатылган жерлер тууралуу иликтөөсү үчүн ыйгарылды.
Үчүнчү орун – Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын жасалгаларынын баасын иликтеген эмгеги үчүн «FactChek» басылмасынын редактору Болот Темировго берилди.
Атайын сыйлыктар «T-Media» журналисти Марат Акимбек уулу «Ош: ипотекага жамынган үй сатуу бизнесиби?» деген эмгеги үчүн; журналист Абдылда Темирбердиевге «Уурдалган алтындар» деген эмгеги үчүн ыйгарылды.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнүндө, 12-февралда тапшырылат.