Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат

  • 4 года мурун

Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Программа “Жаш окутуучулар үчүн” деп аталат.

Талаптар:

  • 35 жаштан жогору эмес;
  • жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйба.

Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат.

Талапкерлер билдирме-анкетаны 2020-жылдын 28-февралына чейин (жума күнү) Япония элчилигине бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 16.

Талапкерлерди тандоо эки этап менен өтөт:

Жазуу жүзүндөгү тест — 2020-жылдын 4-марты.

Маектешүү — 2020-жылдын 11-марты.

Эки сынак тең адамзатты өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунда өтөт.

(Дареги:Бишкек шаары, Турусбеков 109, Ж. Баласагын атындагы КУУ, 7- корпус, 2-кабат).

Жогорку окуу жайлардын окутуучулары бул программага катыша албайт.

Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз:https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты