Министрлик окуу китептерин чыгаруу боюнча жаңы жобо иштеп чыкты

  • 4 года мурун

Сапаттуу окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу максатында билим берүү жана илим министрлиги жаңы жобо иштеп чыкты. Жобонун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуу китептерин чыгаруу боюнча жаңы жобонун негизги айырмасы — окуу методикалык комплекстерди (ОМК) даярдап, басып чыгаруучу тарапты аныктап жана анын жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.

Мындан сырткары тандоо процедураларынын ачык-айкындуулугун камсыздоо. ОМКны тандоо процессин тескөө билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесине жүктөлөт.

Жободо китепти милдеттүү төрт экспертизадан өткөрүү сунушталууда — илимий, илимий-педагогикалык, практикалык-педагогикалык (апробация), дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизалар.

Китепке «Билим берүү жана илим министрлиги сунуштайт» деген гриф берүү чечими ушул экспертизалардын жыйынтыгына негизделип, Министрликтин коллегиясы тарабынан кабыл алынат. Мындан сырткары жобо долбоорунда алгач ирет окуу китептерин иштеп чыгуу жана даярдоо этаптары так аныкталып, «Баалоо инструменттеринин» элегинен өткөрүү сунушталып жатат.

«Баалоо инструменттери» авторлор үчүн да жол көрсөтөт, себеби мындагы талаптарга шейкеш келген окуу китептеринде гана министрликтин грифин алуу мүмкүндүгү бар.

Жаңы жобо бул шилтемеде — https://edu.gov.kg/kg/about/obcuzhdeniya/

«Окуу китеби» мамлекеттик ишканасы эксперттер жана потенциалдуу авторлордун реестрин түзөт жана аларга окутууларды өткөрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги китеп басып чыгаруу боюнча тематикалык планды даярдайт жана ар беш жылда жаңылап турат. Басмаканалар жана авторлор ошол планга карап, жаңы ОМКлардын үстүндө ырааттуу иш алып барышы керек.

Министрлик педагогикалык коомчулукка жана бардык кызыкдар тараптарга жобо долбоору менен таанышып, суроо-сунуштарын 10-мартка чейин берүүгө чакырат. Байланышуу: Бишкек ш. К. Тыныстанов көчөсү 257; [email protected]

Буга чейин окуу китептерин чыгаруудагы кемчиликтер, китептердеги каталар боюнча коомчулукта олуттуу сын-пикирлер айтылып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты