Транспорт министринин орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды

  • 4 года мурун

КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары «Н.Ж.» жана автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» 10 миң доллар өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда кармалышты.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, министрдин орун басары УКМК кызматкерлерине мурда сотко чейинки өндүрүшкө фигурант катары катталып, КР транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген.

Ошол эле күнү, автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы «Б.А» пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүмү (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты