​Трамп «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери өлтүрүлгөнүн жарыялады

  • 4 года мурун

Президент Дональд Трамп АКШнын Йемендеги террористтерге каршы операциясында Араб жарым аралындагы «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери Касим аль-Райми жок кылынганын жарыялады.

Трамп 6-февралдагы кайрылуусунда «Касим аль-Райминин өлүмү аймакта жана дүйнөдө «Аль-Каида» террористтик тобун алсыратат» деди. Ал Райми качан өлтүрүлгөнүн айткан жок.

Райми 2015-жылы «Аль-Каиданы» АКШнын аба соккусунан өлгөн Нассер ал-Вухайшининин өлүмүнөн кийин башкарып калган. Ал билдирүүлөрүндө АКШга чабуул коюуга чакырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөттө: Касим аль-Райми. AFR.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты