Жээнбеков Түркия элине кар көчкүдөн каза болгондорго көңүл айтты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм» деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Түркияда кар көчкүдөн улам каза тапкандардын саны 38 кишиге жетти.

РИА Новости билдиргендей, окуя ишемби күнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Битлис провинциясында болгон. 37 жүргүнчүсү бар автобус Диярбакыр шаарынан Битлис провинциясына келе жатып, кар көчку түшкөндө тең салмакты жоготуп, 20 метр жарга түшүп кеткен.

Андан кийин Ван провинциясында да кар көчкү жүрүп, жүргүнчүлөрдү жана аларды издегени барган куткаруучуларды кар көчкү басып калган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты