Жергиликтүү судьялар дайындалды
- 5 лет мурун
Бир катар жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Талапкерлер судьяларды тандоо кеңеши тарабынан сунуш кылынган.
— Ош облустук сотуна: Жаркынбек Кыдырбаев;
— Өзгөн райондук сотуна: Гүлнархан Жоробаева;
— Ош шаардык сотуна: Нурлан Абдыразаков;
— Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна: Жамиля Чикеева;
—Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотуна Элнура Жантороева;
— Сузак райондук сотуна: Надырбек Токтосунов;
— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна: Айке Мусаева;
— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотуна: Эльдарбек Мамыров;
— Каракол шаардык сотуна: Каныбек Акыев;
—Талас облусунун Бакай-Ата райондук сотуна: Ойниса Эгембердиева;
— Манас райондук сотуна: Азамат Тилемишов;
— Талас шаардык сотуна Эсенбек Султанов жана Талас райондук сотуна Тариэл Акылбеков дайындалды.