АКШ: Борбор Азиядагы өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда
- 5 лет мурун
Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы жаңы жетекчилер мамлекеттер аралык кызматташууну жакшыртып, Вашингтон үчүн ресурстарга бай аймак менен байланыштарды тереңдетүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда деп эсептейт.
АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча кеңешчисинин жардамчысы Элис Уэллс 5-февралда Кошмо Штаттар акыркы беш жылдагы окуяларды эске алуу менен аймактагы стратегиясын жаңыртканын белгиледи.
Уэллс АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүн кыдырып келгенден кийин: «Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн доорунда экенибизди көрүп жатабыз» деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Өзбекстандагы сапары учурунда: «Трамптын администрациясы Борбор Азия боюнча жаңы стратегияны жарыялоо алдында турат. Ал стратегия Борбор Азия мамлекеттери өздөрү каалаган өнөктөш күтүшүн, өздөрү каалагандай жашашын жана өздөрү каалагандай эркиндикти камсыз кылышын колдоого багытталган» деп билдирген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.
Сүрөт: www prezident.uz