​Түркмөнстанда жашы 40 тан ашкан эркектерге чачын боёого тыюу салынууда

  • 4 года мурун

Түркмөнстандын Лебап облусундагы мамлекеттик мекемелерде жашы 40тан ашкан эркектердин чачтын кара түскө боёсуна тыюу салынууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

— Бардык мамлекеттик мекемелерде агарган чачын боёгон эркектерге табигый түсүнө кайтуу тапшырмасы берилүүдө. Мындай талап 1-февралдан тарта айтыла баштады, — деди кабарчы.

Анын айтымында, мекеме жетекчилери бул талапты өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «чачынын агарып кеткендиги» менен түшүндүрүшүүдө.

Өз кезегинде бюджеттик мекемелерде иштеген жергиликтүү тургундар бул талапка нааразы болуп жатышат.

— Азыр чачын кара түскө боёгондор өтө көп. Анткени эки жыл мурда президент чачын кара түскө боёп жүргөндө бизден да ошону талап кылышкан. Эми болсо чачынын табигый түсү кара адамдарды да ак буурул түскө боёгула деп жатышат, — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Азырынча Лебап облустук акимчилиги бул талап боюнча комментарий бере элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты