Кытайдан келген 18 кыргызстандыктын жугуштуу дарты жок

  • 4 года мурун

Коомчулукта Кытайдын Ухань шаарынан алынып келинген Кыргызстандын 18 жаранын Беловодскидеги жугуштуу дарттар ооруканасына жайгаштырыптыр деген сөз жүрүүдө. Деги эле Кытайдан келгендердин ден соолугу кандай?

— Күн сайын текшерүү Кытайдан келгендердин биринен да оорунун белгиси табылбаганын көрсөтүүдө. Алардын ден соолугу канаттандырарлык,- деп билдирди саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле Кытайдын Ухан шаарынан келгендер Беловодскидеги жугуштуу дарттар ооруканасына эмес, Бишкектин сырт жагындагы ооруканага жаткырылганын билдирди.

Кытайда коронвирус чыкканына байланыштуу Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту.

Бишкекке Ухандан 18 кыргызстандык жеткирилди. Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды. Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы коронавирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, коронавирус катталбаганын маалымдады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты