Исакулов: «Алтын кум», «Рахат» жана «Дилорам» пансионаттары инвесторлорго берилиши мүмкүн»
- 3 жыл мурун
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кечээ, 4-февралда, «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында үч пансионат жеке башкарууга өтүшү мүмкүн экендигин белгиледи.
«Алтын кум», «Рахат» жана «Диларам» пансионаттары «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын карамагында турарын жана ушул үч пансионатты ишенимдүү башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө берүүнү пландап жаткандыгын айтты.
«Бул маселе иштелип чыккандан кийин, ал объекттер инвесторлорго берилиши мүмкүн» деди мүлк фондунун төрагасы Исакулов.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү