Кыргызстанга ЕЭК коллегия төрагасы Михаил Мясникович келет
- 5 лет мурун
Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Кыргызстанга келет.
Бул — анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары.
Сапардын алкагында Михаил Мясникович Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушат.
Жолугушууларда 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктар жана чектөөлөрдү четтетүү ж.б. маселе талкууланат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү