Асрандиев вице-премьерликке, Аскаров министрликке жактырылды
- 3 жыл мурун
Бүгүн, 4-февралда, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети Эркин Асрандиевдин талапкерлигин вице-премьерликке жактырды. Ал эми вице-премьер Замирбек Аскаровдун талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министрине жактырылды.
Талапкерлерди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады.
Эркин Асрандиев буга чейин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп иштеп келген.
Ысык-Көлдү сүзүп өтөм деп, катуу штормго кабылган, куткаруучулар жана коомчулук издеп, сегиз сааттан кийин табылган. 2019-жылы 31-августта Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдү сүзүп өтүү үчүн сүзүп баратып, дайынсыз болуп кеткен.
Мурдагы министр Нурболот Мирзахмедов 23-январда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.