Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы саясий ведомство башчыларынын жолугушуусу болду
- 5 лет мурун
Бүгүн, 3-февралда,Ташкент шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташуу форматындагы жолугушууга катышты.
Жолугушууга ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышты.
Жолугушуунун катышуучулары региондук соода, чек ара коопсуздугу чөйрөсүндө жана суу-энергетика секторунда кызматташуу маселелерин талкуулашты.
КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттерин айтып өттү.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде жана алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен ушул форматта региондук өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.
Бул иш-чаранын алкагында Министр Ч.Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды, атап айтканда, Өзбекстандын тышкы иштер министри А.Камилов жана АКШнын мамлекеттик катчысы М.Помпео менен жолугушууларды өткөрдү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.