​КР Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргызстандыктарга виза чектөө чечими боюнча билдирүү таратты

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги АКШнын администрациясынын кыргызстандыктарга виза чектөөсүн киргизүү чечими боюнча билдирүү таратты.

Анда мындай деп айтылат:

-Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги АКШнын администрациясынын Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы камтылган чечимине өкүнгөнүн жана мындай чечим кыргыз-америка мамилесине сезилерлик доо келтиргенин билдирет.

Америка тарапка Кыргызстанда биометрикалык документтерди киргизүү мурда эле пландалганы белгилүү, бирок объективдүү себептерге байланыштуу, ал узак убакыт созулуп кетти.

Ошентсе да кыргыз тарап ак ниеттен АКШ менен Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде маалымат алмашуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алды.

Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукту камсыздоо процесстеринин активдүү катышуучусу болуп эсептелет жана терроризмге өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келет.

Ал эми биометрикалык паспорт киргизиле элек 80 ден ашык өлкөлөрдүн арасынан чектөөлөр саналуу гана мамлекеттер үчүн киргизилген. Бул Кыргыз Республикасында парламенттик демократия өнүгүп келе жаткан шериктештик колдоо түшүнүгүнө жатпайт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү бюрократия жана коррупцияга каршы күрөшүү механизми катары өлкөдө санариптештирүү деңгээлин көтөрүүнүн үстүндө иштеп келген жана иштеп жатат. Анын маанилүү бир бөлүгү болуп улуттук жол жүрүү документтеринин корголуу деңгээлин көтөрүү болуп саналат.

Жогоруда айтылгандардан улам, америка тарап кабыл алган чаралар эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө умтулууга жатпайт деп эсептейбиз.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кыргыз-америка мамилелерин куруу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирет, -деп айтылат билдирүүдө.

АКШ Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарга иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Мындай чечим 31-январда кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты