ТИМ башчысы Тажикстандын Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды
- 5 лет мурун
Кечээ, 31-январда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын жаңы дайындалган элчиси Назирмад Ализодадан ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.
Кыргыз-тажик Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процесстерине, ошондой эле 2020-жылга белгиленген иш-чараларга өзгөчө көӊүл бурулду.
Бул тууралуу КР ТИМинин маалымат департаменти билдирди.
Сүрөт: ТИМ.
Муну бөлүшүү