Кытайдан кайткан 12 кыргызстандык ооруканада жатат

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, коронавирус катталбаганын маалымдады.

Саламаттык сактоо уюмдарынын бокс тибиндеги палаталарына 12 киши жаткырылды. Алардын баары — Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер.

Ысык-Ата аймактык ооруканасында алты, Москва аймактык ооруканасында алты студент үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп жатат. Алардын абалы канааттандырарлык, коронавирустун белгилери табылган жок.

Министрлик жугуштуу оорулардын эрежесине ылайык, вирус табылган аймактардан келген кишилер так диагноз коюлганга чейин керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүшү керек экенин маалымдайт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты