Матраимовдордун доосу боюнча сот 11-февралда уланат

  • 4 года мурун

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага жана журналистке коюп жаткан доосу боюнча сот процесси 11-февралда уланат. «Азаттык» медиасынын кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушевдин бул ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн сот четке какты.

Акмат Алагушев өз өтүнүчүн мындайча негиздеди:

— Доогерлер 24.kg сайтына карата материалдык доодон баш тартышты. Демек, 24.kgге карата формалдуу түрдө гана доо калды. Андан сырткары, биз «Доогерлер сотко берерде эмне себептен үч райондук соттон ушул сотту тандады?» деген суроону берип жатабыз. Ошондой эле, бул иш кандай негизде Свердлов райондук сотунун төрайымынын кароосуна түшүп калды? Иште төрайымдын колу менен жазылган кагаз бар. Анда «автоматтык система ишти бөлүштүрүп, бул иш мага түштү» деп жазылган. Биз ага ишенген жокпуз.

«Азаттык» менен «Kloop.kgнин» жактоочулары андан тышкары «Азаттыктын» кеңсеси Ленин районунда жайгашканын, ушундан улам иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралышы керек экенин билдиришкен.

Ал эми Матраимовдордун адвокаттары жоопкер тарап ишти башка райондук сотко өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч келтирүү менен соттук ишти атайын создуктуруп жатат деп эсептешет.

Бүгүн, Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага койгон доосу боюнча сот иши уланды. Алар “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты