​​Жээнбеков коронавируска байланыштуу кеңешме өткөрдү

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, аппарат жетекчилигинин, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кытайда жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министрини биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.

Коронавирустун алдын — алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункт адистери иштеп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү — Ухань шаарында. Кытайдагы элчилик алар менен туруктуу байланышып жатат.

Президент өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын, так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө, маалымдоонун маанилүү экенин баса белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты