Коронавирустан Кытайдын Хубей провинциясында тогуз шаар жабылды
- 5 лет мурун
Кытайда Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
Алар — Ухань, Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши, Сяньнин шаарлары. Аталган провинцияда бардыгы болуп 29, 2 млн калк жашайт.
Баарынан чоң карантин — Ухань шаарында. Ал жакта бейшембиден баштап жолдогу унаа, паром, метро, учак токтоду. Шаарга автобус киргизбей жатышат. Бийлик ал жакка барбоого жана себепсиз шаардан чыкпоого чакырууда.
2019-nCoV коронарвирусун 830 киши жуктурду, 26 киши каза тапты, анын 24 ү Хубей провинциясынан, экөө анын чет жактарынан.
Вирус Түштүк Корея, Япония, АКШ, Вьетнам, Сингапур жана Таиландга тараганы айтылууда.
Сүрөт: China OUT (AFP)
Муну бөлүшүү