​Белгилүү машыктыруучу Виктор Борисов көз жумду

  • 4 года мурун

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Виктор Борисов 22-январда 83 жашында көз жумду.

Виктор Фёдорович Борисов машыктыруучулук ишинде көптөгөн белгилүү спортчуларды тарбиялап чыгарган. Алардын арасында Валентина Чичаева, Сатымкул Жуманазаров, Ирина Богачева, Татьяна Борисова, Дарья Маслова, Виктория Полюдина ж.б. бар.

Башкы машыктыруучу менен коштошуу эртең, 24-январда, Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 09:00 болот.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты