​Өзбекстанда тыюу салынган диний китеп, сайт жана уюмдардын тизмеси жаңыланды

  • 4 года мурун

Өзбекстан өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча комитет өлкө аймагында даярдоого жана жайылтууга, ошондой эле сырттан алып кирүүгө тыюу салынган диний мазмундагы материалдардын жаңыланган тизмесин бекитти.

Комитеттин өкүлдөрү декабрдын аягында бекителген тизме ички иштер министрлигине жөнөтүлгөнүн билдирип, бул боюнча башка маалымат берүүдөн баш тартышты.

Өзбекстандын ички иштер органдарындагы булактардан алган маалыматка караганда, тизмеге негизинен бир катар өлкөлөрдө экстремисттик, радикалдык жана террордук деп табылган уюмдарга, топторго таандык диний баяндар, китептер, сайттар жана социалдык түйүндөрдөгү баракчалар киргизилген. Арасында «Хизб ут-Тахрир», «Нуржулар», «Акрамиттер коому», «Нурсафардий кыймылы», «Катиб Таухид валь-Жихад», «Жабхат ан-нусра», «Таблиги жамаат» өңдүү бир катар уюмдар менен топтор бар.

Мындан тышкары тизмеге белгилүү авторлор тарабынын даярдалып, сайттар менен социалдык түйүндөргө жарыяланган саясий-диний мазмундагы макалалар, ырлар жана видеоматериалдар киргизилген.

Алардын арасында өзбекстандык диссидент-жазуучу Нурилло Отахановдун «Бул күндөр» китеби жана өлкөдөн 2018-жылы чыгып кеткен имам Фазлиддин Парпиевдин президент Шавкат Мирзиёевге жолдогон видео кайрылуусу бар.

Ошондой эле тизмеде Швецияда саясий башпаанек алган каракалпакстандык имам Мухаммадасолих Абутов менен намангандык имам Обидхон-кори Назаровдун, Кыргызстандын Кара-Суу шаарында жашаган имам Рашод Камаловдун жана 1994-жылы Ташкент аэропортунда дайынсыз жоголгон анжияндык имам Абдували Мирзаевдин аты-жөнү жазылган.

Өзбекстанда бул тизмедеги тыюу салынган материалдар менен кармалган адамдар үчүн 300-400 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөө же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө же эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Shuttarstock

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты