​Колледждерде окуу-өндүрүш комплекси ачылат

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик билим берүү жайларынын базасында окуу-өндүрүш комплекстерин түзүү тажрыйбасын кеңейтүүнү пландап жатат. 2021-жылга чейин Кыргызстанда мындай сегиз комплекс ачылышы мүмкүн.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Комплекстер өзүн-өзү каржылоо системасында иш алып барат. Элге көрсөтүлгөн сапаттуу кызмат окуу-өндүрүш комплекстерин каржылоого жардам бере алат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров жана каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суйеркул Бишкектеги №18 жана Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик-лицейлердин базасындагы окуу-өндүрүш комплексин көрүштү.

Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырган Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу буга чейин кесиптик лицейлердин базасында төрт окуу-өндүрүш комплекси ачылган.

№18 жана №43 лицейдеги комплекстер жеңил, оор жүк ташуучу унаалар жана айыл чарба техникасын оңдоо кызматын көрсөтөт.

Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты