Өзгөчө оор кылмышка шектүү Умар Маратов 17-февралга чейин камакка алынды

  • 4 года мурун

Ош шаардык соту «Казак» деген каймана ысымдуу Умар Маратовду 17-февралга чейин камакка алды.

Сот токтомду 19-январда чыгарды.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Умар Маратов Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду сабаган окуяга тиешеси бар деген шек менен 17-январда Ош шаардык милициясы тарабынан кармалган.

Милициянын маалыматына караганда, Раимбеков 11-январда Ош шаарында сабалган. Бул факт боюнча «Карактоо» беренеси менен иш козголуп, 16-январда эки киши камалган.

17-январда, Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматынан бошотуу жарлыгына кол койгон. Айнура Сулайманова 8-январда зордуктоо жана ээнбаштык беренелери менен шек саналып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген «Казак» аттуу каймана аты бар Умар Маратовду үй камагына чыгарган.

Сүрөт: «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов Сүрөт Ош шаардык милициясынан алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты