​Абылгазиев: “2020-жыл жетишкендиктин жана өнүгүүнүн жылы болушу керек”

  • 4 года мурун

Жаңырган 2020-жыл мамлекеттик органдары үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы жетишилген бир катар көрсөткүчтөргө токтолду.

«2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өскөн.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн АКШ долларын түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», — деп билдирди ал.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, үстүбүздөгү жылы министрликтердин жана ведомстволордун алдында кеңири милдеттер коюлган.

«2020-жылы «Жерүй», «Чаарат ЖААК», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишмердүүлүгүн башташат. Мындан тышкары быйылкы жылы энергетика тармагындагы жоготуулардын көлөмүн жана башка маанилүү көрсөткүчтөрдү белгилеген эсеп борбору ачылат.

Республиканын ар бир районунда ишкерлерди колдоо, аларды финансылык сабаттуулукка жана бизнес-пландарды даярдоого окутуу боюнча адистештирилген борборлордун ачылышы маанилүү деп эсептейм. Аймактарды өнүктүрүү үчүн ишкер жарандарды насыялык ресурстарды, инвестицияларды дээрлик сарамжалдуу пайдалануу жана өздөрүнүн идеялары менен долбоорлорун мындан ары да жүзөгө ашыруу үчүн окутуу керек. Ошол эле учурда жашыл экономика чөйрөсүндөгү, айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо боюнча программаларды өнүктүрүү жана жүзөгө ашыруу чоң маани ээ болот», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр салык жана бажы боюнчв жол-жоболорду фискалдаштыруу быйыл өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи.

«2020-жыл салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууга багытталат. Биз үчүн бардык процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кыла турган салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнү камсыздоо маанилүү. Биздин максат – көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана өлкө бюджетинин кирешесин көбөйтүү», — деди Премьер-министр.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин айтымында, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, социалдык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу керек.

«2020-жыл финансылык тартип жылы болот. Быйыл парламенттик шайлоо, жалпы улуттук каттоо жана Токио шаарында биздин спортчулар катыша турган кезектеги Олимп оюндары сындуу маанилүү иш-чаралар болот», — деп Абылгазиев сөзүн жыйынтыктады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты