«ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору алмашты

  • 4 года мурун

Айбек Мусаев берген арызына ылайык «ЭЛТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөт башчынын буйругу менен Айбек Мусаевдин ордуна Керимбек Калыкулов Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.

Керимбек Калыкулов «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты