Улуттук банк быйыл дагы жеңилдетилген ипотекалык насыя берет

  • 4 года мурун

«Социалдык ипотека» долбоорунун алкагында «Керемет Банк» ачык акционердик коому 2020-жылы дагы насыя берет. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун жолугушуусу учурунда маалым болду.

Абдыгуловдун айтымында, аталган банк 2020-жылы 1 миллиард 200 миллион сомго чейин насыя берүүнү пландаштырууда.

Президенттин маалымат кызматынын билдирмесине караганда, 2019-жылдын 30-майынан 31-декабрына чейин «Керемет Банк» ААКы жалпы суммасы 1 054,2 миллион сомго 723 насыя бөлүп берген. Ал насыялар Кыргызстандын аймактарында иштеген бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнүп берилген.

«Керемет Банк» ААКнын «Социалдык ипотека» насыялык долбоору жеткиликтүү пайыздык чендер менен жеке турак жай сатып алууда бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоого багытталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты