​Москвада Айтматовдун элесине арналган “Евразиялык биримдик кубогу” өттү

  • 4 года мурун

Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын спорт боюнча федерациясынын катышуусунда ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн диаспоралык уюмдарынын спорттук командалары арасында Чынгыз Айтматовдун элесине арналган «Евразиялык биримдик кубогу», эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өткөрдү.

Эл аралык турнирге жалпысынан 26 футболдук команда катышты, алардын ичинде Азербайжан, Тажикистандан келген жана Москва шаарындагы Тыва диаспорасынын командалары, ошондой эле Россиянын Екатеринбург, Новосибирск жана Сантк-Петербург шаарларынан волейбол боюнча курама командалары, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынан топтолгон 26 команда катышты.

Ч.Айтматовго арналган турнирдин байге фондусу 1-орун үчүн – 100 миң рубль, 2-орун – 70 миң рубль, 3-орун – 50 миң рублду түздү.

Эркектер арасында 1-орунга «Ысык-Көл» командасы ээ болду, 2-орунга – «Беш Таш» курама командасы; 3 – орунга — «Нур-2» (Тажикистан) командасы чыкты. Ал эми кыз-келиндер арасында 1-орунга «Ала-Арча», 2 — орунга –»Ак-Буура» , 3 -орунга «Мундуз» курама командалары алды.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Сүрөт: маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты