Оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдалангандарга айып салуу 2025-жылга жылдырылат

  • 5 лет мурун

2020-жылдын 1-январынан оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган жактарга айыппул салынбайт. Мурда айтылгандай, он рулдуу унаага айып пул салууну 2020-жылдан баштап эмес, 2025-жылга жылдыруу чечими кабыл алынды.

Өкмөт жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңеш депутаты Алмазбек Эргешовдун тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу демилгесин колдойт.

Айрым унаа ээлеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.

Буга чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу автомашиналар менен коммерциялык максатта пайдаланууга айып салуу жагы каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты