Кытайда ДНК эмбриондорун өзгөрткөн окумуштуу 3 жылга соттолду

  • 4 года мурун

Кытайда кишинин эмбрионунун геномун мыйзамсыз түрдө өзгөртүүгө айыпталган окумуштуу Хэ Цзянькуйду сот 3 жылга эркинен ажыратып, 430 миң доллар айып пул салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Былтыр ноябрда Хэ Цзянькуй эки эгиз кыздын төрөлүшүнө жардам бергенин, алардын гени өзгөртүлгөнүн билдирген. Бул сыноо кийин аларды ВИЧ-инфекциясынан коргоо максатында жасалган. Эмдигиче анын иликтөөсү жөнүндөгү илимий макала же анын ыкмасын тастыктаган көз карандысыз булактар жок.

Декабардын башында MIT Technology Review журналы окумуштуунун сыноосунун жыйынтыктары тууралуу кыска маалымат жарыялаган.

Мындан соң Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссия Хэ Цзянькуйдин экспериментинин мыйзамдуулугун текшере баштаган. Жүздөн ашуун кытайлык окумуштуулар кишинин эмбриондорун өзгөртүү үчүн колдонулуучу технология кооптуу экенин жана биомедицина коомчулугунун кадыр-баркына зыян алып келерин билдиришкен.

2019-жылы январда Кытай бийлиги али төрөлө элек балдардын ДНКсын өзгөртүү боюнча Хэ Цзянькуй жүргүзгөн сыноону мыйзамсыз деп тапкан.

Көптөгөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кытайда эмбриондор менен иштөөгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. Бирок окумуштуулардын этикалык нормасына ылайык, генетикалык жактан өзгөртүлгөн түйүлдүктөр менен жасалма уруктандыруу жүргүзүүгө жол берилбейт.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Хэ Цзянькуй.Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты