​Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбей калды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 27-декабрда да каралбай калды. Депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырды.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев сессияда Бишкек шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү демилгеси менен чыкты.

Бишкек мэриясы бүгүн билдирүү таратып, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирди.

25-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында баш калаада футбол борборун курууга жер бөлүп берүү маселеси каралып, анда Күкүрт кампасынын түштүк жагынан жер тилкесин берүү демилгеси көтөрүлгөн.

Буга чейин калаа бийлиги Футбол борборун куруу үчүн үч жер тилкесин сунуш кылган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына ылайык, жер бөлүп берүү маселеси 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар гранты башка мамлекеттерге берет.

26-декабрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада ойноодон баш тарта турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты