​Шаар кеңешинин фракциясы мэр Суракматовго ишенбөөчүлүк көрсөтөт

  • 4 года мурун

Бишкек шаар кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясы мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк билдирет.

Шаар кеңешинин «Республика-Ата Журт» фракциясынан Гүлнара Молдобаева ЖМКга билдиргендей, мэр Суракматов футбол борборун куруу боюнча жер аянтын бөлүп берүү тууралуу бир да документке кол кое элек.

Мурда Бишкек шаар кеңешинин сессиясы Бишкек мэриясына футбол федерациясы менен футбол комплексин куруу боюнча меморандум кабыл алуу тапшырмасын берген.

Меморандумга ылайык, мэрия Чынгыз Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинен 6,5 гектар жер бөлүп бермек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты