Жээнбеков: Маалыматтык коопсуздук жана жеке маалымат коопсуздугу боюнча орган уюштуруу каралган

  • 4 года мурун

Бүгүн, 25-декабрда, Президент Сооронбай Жээнбековдун пресс-конференциясында Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн кирешесине туура келбеген чыгымдары тууралуу Factcheck.kg сайты жарыялаган жана аны көчүрүп жарыялаган ММКлардын сайттарына болгон хакердик чабуул тууралуу журналисттин суроосуна мамлекет башчы мындай деп жооп берди:

-ММКга DDos атака боюнча маалыматым бар. Бул бизде эле эмес, технологиясы өнүккөн алдыңкы мамлекеттерде да болуп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматынан да окуя, маалыматтардын чыгып кеткени бул дагы далилдеп турат, маалыматтык коопсуздуккаөзгөчө мамиле кылып, өзгөчө чараларды көрүшүбүз керек.

Азыр коопсуздук кеңешинде кибер коопсуздук боюнча стратегия иштелип чыкты. Ал кабыл алынды. Буга чейин бир дагы адис болгон эмес, бул стратегия кабыл алынган эмес.

Азыр ошол стратегиянын негизинде улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети жана технологиялдар жана байланыш комитетине бул жүктөлдү.

Маалыматтык коопсуздукту сактоо жана жарандардын жеке маалыматтык коопсуздугун коргоо боюнча стратегияда 2020-жылдын 1-февралында өзүнчө органды уюштуруу боюнча маселе каралган. Ал боюнча иштер жүрүп жатат. Буюрса, колго алабыз. Мунун үстүнөн дагы иш алып барабыз,- деди Президент.

17-декабрда Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү тууралуу журналисттик иликтөө жасаган Factcheck.kg жана ал материалды көчүрүп жарыялаган «Кактус», «Экономист», Govori.tv, «Вечерний Бишкек», knews.kg, «ПолитКлиника» сайттарына DDoS-атака жасалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты