Жээнбековдун жылды жыйынтыктаган маалымат жыйыны соңуна чыкты

  • 5 лет мурун

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болгон маалымат жыйыны 3 саатка созулду. Тагыраак айтканда, саат 11.00дө башталып, 14.00дө бүттү.

Президент жыл жыйынтыгын чыгарып, 2019-жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Матраимовдун ишине байланыштуу, Атамбаев тууралуу, коррупция менен күрөшкө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Маалымат жыйынды чагылдырууга 188 журналист каттоодон өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и чет элдик ЖМКнын журналисттери болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты