Жээнбеков: Коррупция менен күрөшүү кыйын экенин жон терим менен сезип жатам

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өтүп жатат. Коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат дегенге кошулбарын билдирди:

«Коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатат деп атышат. Андай болгон жок. Коррупция менен күрөш кыйын экенин жонтерим менен сезип атам. Мага да команда керек. Ар кандай схемаларды жоюп, соттор, прокурорлор, милициялар камалып жатат. Күрөш жүрүп жатат. Укук коргоо органдары, сотто болгон коррупция менен күрөшкүлө деп багыт бердим. Жыйынтыктар болот. Актангандык эмес. Коррупция менен күрөштүн кыйын экенин билчүмүн, бирок канчалык кыйын экенин мен өзүмдүн жон терим менен сезип жатам. Мага деле коррупция менен күрөшүү оңой эмес. Күрөшө турчу команда керек, балдар керек, мамлекеттик таза орган керек. Ошол жерде иштей турган кызматкерлер керек”, — деди Жээнбеков.

Маалымат жыйынды чагылдырууга 188 журналист каттоодон өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и чет элдик ЖМКнын журналисттери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты