Жээнбеков: Элди таза суу менен камсыз кылуу иштери менин жеке көзөмөлүмдө

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйыны өтүп жатат. Анда президент 2019-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат. Президент таза суу менен камсыздоону өз колуна алганын билдирди.

«Элди таза суу менен камсыз кылуу иштери менин жеке көзөлмөлүмдө. Мөөнөтүм бүткөнчө бул иштерди аткарганга аракет болот»,- деди президент.

Мындан сырткары, “Таза суу” программасын ишке ашыруу үчүн Кытайдан 100 миллион доллар грант алуу караштырылып жатканын айтты. Бул багытта иштерди алдыга жылдыруу үчүн “Евразия өнүктүрүү” фонду менен 200 миллион долларга меморандумга кол коюлганын эстетти.

Маалымат жыйынды чагылдырууга 188 журналист каттоодон өткөн. Алардын 160ы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болсо, 28и чет элдик ЖМКнын журналисттери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты