Өкмөт: Айтматовдун музейин оңдоого каражат жок

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейди оңдоо боюнча өкмөткө кайрылган. Депутат «Твиттердеги» баракчасына ал кайрылууга Финансы министрлигинен келген жоопту жарыялады.

Финансы министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музей Маданият маалымат жана туризм министрлигинин карамагында болбогондуктан казынадан каржыланбай турганын белгилеген. Ошондой эле музейди мамлекетке өткөрүп алууга ири каражат зарыл экенин, ага Маданият маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген. Бирок министрлик маселе маанилүү экенин белгилеп, музейдин курулушун демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүргүзүүнү сунуш кылган.

2013-жылы Чыңгыз Айтматовдун 1986-жылдан бери жашаган Ала-Арча резиденциясындагы үйү музей болуп түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты