“Адилет” укук клиникасы укук коргоо органдарынын адвокаттарга басым жасап жаткандыгын айтып чыкты

  • 4 года мурун

“Адилет” укук коргоо клиникасы укук коргоо органдары адвокаттарга басым жасап жаткандыгына байланыштуу билдирүү таратты.

— Көз карандысыз адвокаттарга кысым жасоо үчүн Башкы прокуратура тарабынан мыйзамды одоно жана орой бузуу аракетине коомчулук дагы бир жолу күбө болду. Кыргызстандын мыйзамдарында адвокаттык ишмердүүлүккө кийлигишүүгө жол бербөөгө кепилдик берилгенине карабай тергөө органдары адвокаттарды суракка чакырып, адвокаттар коргоп жаткан кардарлардын иши боюнча документтерди талап кылууда.

Мындай олуттуу мыйзам бузуу бийлик органдарынын мыйзамды так жана бирдей аткарышын көзөмөлдөөгө милдеттенме алган башкы конституциялык орган тарабынан жасалып жатканы кейиштүү көрүнүш. Кыргызстандын тарыхында прокуратура кызматкерлери тарабынан мындай ашыкча башаламандык болгон эмес жана алар мыйзамсыздыктын жаңы деңгээлине чыгышты, — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты