«Үмүт 2020”: Ууруларга каршы күрөштү улантабыз

  • 4 года мурун

«Үмүт 2020” саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин камакка алынышын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырууда. Ал билдирүү таратып, басымга карабай бийликтин осол иштерин ашкерелөөнү уланта берерин билдирди:

«Күйөөмдүн кармалышы «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердигине түздөн-түз байланыштуу. Бул камакка алуу менен ууруларга каршы күрөшүбүздү токтоткусу келип жатат. Укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүнүн ордуна өлкөнү уурулардан арылтууну каалаган биз менен күрөшүп жатат. Күйөөмдүн кармалышына, тарапкерлерибизге карата куугунтукка карабай «Үмүт 2020» кыймылы өлкөдө адилеттүүлүктү орнотууга умтулуп, карапайым элдин нанын талашкан ууруларга каршы күрөштү улантат»,-деди Айтматова.

19-декабрда Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга алып келинген Сыргак Кенжебаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты