​Айнура “Жаңы жылдык жомок” жасап, оюнчуктарын саткан дүкөн ачкысы келет

Бишкек шаарынын тургуну Айнура Нурдалиева жаңы жыл алдында балатыга оюнчуктарды колго жасап, аларды арзан баада сатат.

Айнура, балдарга “Жаңы жылдык жомок” деп аталган оюнчуктардын тобун жасайт. Ал 27 жашта, төрөлгөнүнөн бери ден соолугу жагынан мүмкүнчүлугү чектелүү болуп калган, калкан безинин гипотериозу дарты менен жабыркайт. Ошентсе да жашоого жакшы маанайда карап, өнөрү менен балдарды жана көргөндүн баарын суктантып келет.

Кыялкеч Айнура өнөрү тууралуу буларды айтып берди:

— Жаңы жылды айрыкча жакшы көрөм, күтөм.

Жакындаганда балатыны өз колум менен кооздойм. Быйыл оюнчуктун санын көбөйтүп, сатайын деген ой келди. Ошентип балатыга оюнчуктарды, үйлөрдүн түрүн, кар бүртүкчөлөрүн, гүлчамбар, балатыларды жасай баштадым.

Оюнчуктарды ноябрь айында жасай баштагам, азыр сатып атам. Бир күндө бир оюнчук жасап бүтөм.

Бул — кышкы шаар. Кыштагы үйлөрдүн образын бердим. Ак түстөгү үйлөрдү картондон курап, сыртын гипс менен катыттым. Үйдүн үстүндө агып турган муз, аны болсо клейди ысытып үстүнө куюп, катыттым. Кара түстөгү үйлөрдү болсо, гезиттин кагазынан түтүк жасап курадым. Чатырына клейден шыбап, туз септим. Ал кардын образын берди. Баасы — 500сом.

Аязатанын чанасын да колго жасадым, үстүндөгү шамды эритип форма бердим. Жанындагы кооздуктар — жаңы жылдык белектер.

Үйдөгү кереги жок чүпүрөктөрдөн гномиктерди тигем. Гномиктер булар жомоктогу кичинекей кишилер. Гномиктердин баасы -300сомго чейин. Ар биринин кийимин, башындагы топусун, сакалын бири — бирине окшоштурбай балдарга кызыктуу кылып жасаганга аракет кылам. Кардарларым табылып, учурда жакшы иштеп атам. Көбүнчө кардарлар гномиктерди көп алып жатат. Эч кандай дүкөнгө же жарманкелерге алып чыга элекмин. Кардарларым үйдөн келип алып кетишкет.

Жаңы жылдык майрам менен эле токтоп калбайм. 8-март, Ноорузга да эмгектерди жасайм. Келечекте өз дүкөнүмдү ачсам деген оюм бар.

Маектешкен Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрдө: Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна карабай, жашоого жаркын маанайда караган Айнура Нурдалиеванын «Жаңы жылдык жомок» сериясындагы оюнчуктарынан.

Сүрөттөрдү тарткан: Автор.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты