Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов «Голос» долбоорунун жарым финалына өттү

  • 5 лет мурун

Кыргызстандык Нуржигит Субанкулов Россиядагы «Голос» музыкалык конкурсунун чейрек финалында өнөрүн көрсөттү.

Субанкулов башында Валерий Сюткиндин командасында болчу, бирок нокаут таймашы учурунда аны Константин Меладзе сактап калган.

Чейрек финалда кыргызстандык жигит «Жуки» тобунун «Батарейка» ырын аткарып берген.

Конкурстун шарты боюнча ар бир ырдан кийин насаатчы өзүнүн үч катышуучуга 100 пайыздык добушун 50, 30 жана 20дан кылып бериши керек.

Меладзенин тайпасында чейрек финалга Даниил Королев, Нуржигит Субанкулов жана Аскер Бербеков чыкты. Жыйынтыгында добуштар Королевге 20 пайыз, Субанкуловго 30 пайыз, Бербековго 50 пайыз берилген. көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн кийин жарым финалга Субанкулов менен Бербеков өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты