​Премьер-министр Ош жана Жалал-Абад облустарында социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

  • 5 лет мурун

Өкмөт башчы өлкө түштүгүнө жасаган иш сапарынын алкагында Аравандагы Төбө-Коргон айылдык ооруканасынын, Жалал-Абад шаарындагы № 1 поликлиникасынын абалы менен таанышты.

Абылгазиев бейтапканалардын медициналык жардам көрсөтүлүүчү бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп чыкты. Мекемелердин жамааттары менен маектешип, оорукана имараттарын капиталдык оңдоо планын талкуулады. Мындан тышкары Абылгазиев өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо жаатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Базар-Коргон районундагы капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылган мектептердин абалы менен таанышып, мугалимдердин арыз-муңун укту. Мугалимдер премьер-министрге айлык акы көбөйтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдиришти деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы. Маалыматта айтылгандай, өкмөт башчы жаңы мектептерди куруу, эскилерин оңдоо менен катар эле мугалимдерди колдоо иштерин күчөтүү мындан ары да уланарын айткан.

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барган. Социалдык тармактарда айрым активисттер өкмөт башчынын чыр чыккан кыргыз-тажик чек арасына да барып, кабар алып келишин талап кылышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты