Атамбаевдин адвокаттары баштык боюнча суракка чакырылган

  • 5 лет мурун

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев 13-декабрда жана 17-декабрда Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылган.

Прокуратура маалымдагандай, учурда Аскер прокуратурасы тарабынан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун 7-8-август күндөрү Кой-Ташта кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөө иштер жүрүп жатканына байланыштуу жактоочулар күбө катары сурак беришет.

«Тергөөдө аныкталгандай, Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүп алып, анын жансакчысы Канатбек Сагынбаевдин колунан кызыл баштыкты алып, анын ичиндеги маанилүү документтерди алып, аларды өзүнүн жансакчысы Дамирбек Пайзилда уулуна Раиса Атамбаевага жеткирүү максатында берген.

Ал эми ичинде анча маанилүү эмес документтер салынган кырмызы баштык адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге берилген.

Жоошев коомчулукту жана тергөөнү алдоо үчүн соцтармактагы баракчасына баштыктын сүрөтүн жарыялап, анын ичинде эч кандай маанилүү документтер болбогонун айтып чыккан. 15-августта Аскер прокуратурасынын чечими менен Сергей Слесаревдеги документтер алынган» деп билдирген башкы көзөмөл орган.

Мындан тышкары прокуратура адвокаттар Слесарев менен Жоошев суракта көрсөтмө берүүгө келбей, муну соцтармактарда «тартип коргоо органдарынын мыйзамсыз иши» деп коомчулукту алдоого өтүштү деп белгилеген. «Күбө катары чакырылган адвокаттар Аскер прокуратурасына келип, көрсөтмө берүүгө милдеттүү» деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты