Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экенин адвокат билбегенин айтты

  • 4 года мурун

Адвокат Жанар Аскар кызы кытай жаранын алдап кетти деп УКМК тарабынан кармалган Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экенин билгенден кийин «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияны токтотту.

«Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экени мен үчүн жаңылык болду» деп билдирди кытай жаранынын адвокаты Жанар Аскар кызы. Андан кийин ал пресс-конференцияны токтотту. Себеби адвокат Ширин Айтматова менен тааныш экенин айтты.

Адвокат буларды билдирген:

-Сыргак Кенжебаев кытай жараны Мотайлифу Маймайтяминг ири долларды алдамчылык менен алган, -деп айтты адвокат Жанар Аскар кызы.

Ал эми Мотайлифу Маймайтяминг аттуу кытай жараны Кыргызстанга келип Сыргак Кенжебаевге 350 миң доллар бергенин билдирди. Андан тышкары дагы 250 миң доллар талап кылган.

«Акылдуу шаар» долбоору боюнча Кенжебаев менен бизнес өнөктөш болуп, андан түшкөн каражаттын 85% өзү, ал эми 15% Кенжебаев алууга макулдашканын билдирди.

— Ноябрда тендер бүттү. Биз тендерди бүтүрүп берсек, Кытайдын «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» компаниясы бизге акы катары 600 миң доллар берет деген келишимибиз бар болчу. Сыргак Кенжебаев алдамчылык кыла баштады. 350 миң доллар алып, паспортумду декабрь айында берди. Мага акчамды бербей жатат, — деди Маймайтяминг.

УКМКга кайрылганы чон резонанстуу иш, Сыргак Кенжебаев аны ИИМде «өз кишилери» бар деп коркуткан деп айтты.

Сүрөт: АКИпресс.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты