Бирдиктүү дата борборун куруу пландалууда

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоевди кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Догоевдин билдирүүсүнө ылайык, 2020-жылы үч ири багытка — саламаттык сактоо, билим берүү жана айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле бирдиктүү дата борборун куруу («G-cloud» платформасы) пландалууда.

Бул жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, ал 2019-жылдын иш-чаралар планына 89 иш-чара каралганын маалымдады. Учурда 12 справка автоматташтырылган, мындан улам бир жылдын ичинде 1,5 миллиондон ашуун жаран кезекте туруу жана ашыкча кагаз бюрократиясынан кутулган.

«Карызы жок» деген справканы алуу автоматташтырылып, бизнес өкүлдөрү 18 миллион сом үнөмдөй алганын белгилей кетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты