​Атамбаевге “Альфа” командир орун басарын өлтүрүүгө шектелгендиги боюнча расмий маалымдама тапшырылды

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “Альфа” командир орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы боюнча расмий маалымдама тапшырылды.

ИИМ расмий түрдө 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон фактылар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан, 2019-жылдын 18-ноябрь күнү экспертизаны эске алуу менен иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жактоочусу Сергей Слесаревдун катышуусунда Алмазбек Атамбаевге жазык кодексинин 130-беренеси, киши өлтүрүү боюнча УКМКнны «Альфанын» атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн А. Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Альфа» атайын багыттагы командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылган эместигин билдирген. ИИМ андан кийин расмий маалымкат тапшырылганын кабарлады.

Алмазбек Атамбаевди 8-августта ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган. Анда бир офицер каза болуп, 100 дөн ашык киши жаракат алган.Азыр мурдагы президент УКМК абагында отурат.

Атамбаевге буга чейин Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты